Окуу керемет! Авторлордун китеп кербени
Кыргызстанда биринчи жолу USAID «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан балдар адабиятынын авторлорунун кербени биздин №10 жалпы орто билим берүү мектебине да 19-декабрь күнү келишти. Бул иш-чарага авторлор, мектеп директору, завучтар, башталгыч класстын мугалимдери жана 3-4-класстын окуучулары катышышты. Авторлор USAID «Окуу керемет!» долбоору жана балдар адабиятынын авторлору боюнча маалымат берип, өүлөрү жазып чыгарган китептер менен тааныштырышты. Ошондой эле, биздин окуучулар келген конокторго өзүлөрү даярдаган «Мүчөл жылдар» жомогун коюп беришти. Окуучулар авторлор даярдап келген суроолорго аябай активдүү жооп берип, авторлор даярдап келген китептерди бардык окуучулар алышты.
Комментарии