СОШ №10 Средняя общеобразовательная школа №10

Новости

Борбор Азиядагы Кендо боюнча 7-турнири Өзбекстан мамлекетинде 19-21-апрель күндөрү болуп өттү. Кендо боюнча турнирген Израил, Россия (Москва курамасы), Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрү катышышты. КРнын кендочулары төмөнкү орундарды алышты: — 3-орун-Төлөнов Айдар  (Кью Кап 18 жашка чейин); — 1-орун-Асымбеков Айдар (Кью Кап 18 жашка чейин), Белмескин Данила (Кью Кап).   — 1-орун — «Израиль 1»; […]
23.04.2024 4
Свердлов районунда №38 мектеп-гимназиясынын базасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча «Эр жигит-2024» райондук спартакиадасы өттү. Спартакиадага №10, №11, №12, №16, №23, №32, №33, №38, №45, №46, №51, №65, №66, №76, №85, №87 жана №89 мектептери катышып, 6 тапшырма боюнча өздөрүнүн даярдыктарын көрсөтүштү. Биздин №10 жалпы орто билим берүү мектебинен 10-11-класстардын окуучулары спартакиадага катышып 5-орунга ээ болушту.
22.04.2024 4
№10 жалпы орто билим берүү мектебинин 10-класстарынын окуучулары менен чогуу «Кара-Жыгач багында»  ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте «Кара-Жыгач багынын» аймагы таштандылардан тазаланды. канаттууларга уялар орнотулду.
22.04.2024 4
17.04.2024-жылы «Келечектеги кесиптик иш чөйрөсүн тандоодо Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларына кесипке багыттоочу колдоо көрсөтүү» боюнча тренинг Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык колледжи тарабынан уюштурулуп, мектептин президенттери катышышты.
22.04.2024 4
Бүгүн №10 жалпы орто билим берүү мектебинде «Нооруз» майрамына карата окуучулар арасында «Кыз-жигит Сармерден» аттуу иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчү жана мектепке даярдоо класстары кыргыздын улуттук ыр-бийлерин, салт-санаасын, оюндарын көргөзүштү.  
19.03.2024 62
5-март кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Айрым аймактарда Ак калпак күнү Кыргызстандын мамлекеттик желеги кабыл алынган күн менен чогуу белгиленди. №10 жалпы орто билим берүү мектебинде да иш чаралар  өткөрүлдү.
12.03.2024 49
15-февраль — советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган күнү жана 23-февраль «Ата Мекенди коргоо күнүнө» карата №10 жалпы орто билим берүү мектебинде ветерандарга чакан концерттик программа өткөрүлдү.
28.02.2024 67
21-февраль «Эл аралык тил күнүнө» карата №10 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучуларынын тарабынан иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарада мамлекеттердин каада-салттары, маданияты, тили, улуттук тамак аштары көрсөтүлдү.                        
28.02.2024 60
21-февралда Бишкек шаарында «Эл аралык эне тил күнүнө» карата фестиваль болуп  өттү. Фестивалдын алкагында №10 мектептин базасында Свердлов районунун мектептеринин окуучулары  орус улутунун маданиятын, тарыхын, тилин жана чыгармачылыгын көрсөтүштү. Фестивалга Билим берүү департаментинин директору Мусаева Р.И. жана Свердлов Билим берүү башкармалыгынын начальниги Байгулов Н.О. катышышты.          
28.02.2024 69
Байыркы көчмөн кыгыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо — сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, бабадан атага, балага, өбүрө, чөбүрөгө өтүп, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет.
21.12.2023 69
Кыргызстанда биринчи жолу USAID «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында  уюштурулуп жаткан балдар адабиятынын авторлорунун кербени биздин №10 жалпы орто билим берүү мектебине да 19-декабрь күнү келишти. Бул иш-чарага авторлор, мектеп директору, завучтар, башталгыч класстын мугалимдери жана 3-4-класстын окуучулары катышышты. Авторлор  USAID «Окуу керемет!» долбоору жана балдар адабиятынын авторлору боюнча маалымат берип, өүлөрү жазып чыгарган китептер менен тааныштырышты. Ошондой […]
20.12.2023 70
1 / 512345