Свердлов районунда №38 мектеп-гимназиясынын базасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча «Эр жигит-2024» райондук спартакиадасы өттү.
Спартакиадага №10, №11, №12, №16, №23, №32, №33, №38, №45, №46, №51, №65, №66, №76, №85, №87 жана №89 мектептери катышып, 6 тапшырма боюнча өздөрүнүн даярдыктарын көрсөтүштү. Биздин №10 жалпы орто билим берүү мектебинен 10-11-класстардын окуучулары спартакиадага катышып 5-орунга ээ болушту.
Комментарии