№10 жалпы орто билим берүү мектеби Средняя общеобразовательная школа №10

Новости

Бүгүн 2024-жылдын 25-май күнү №10 жалпы орто билим берүү мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи болуп өттү. 11- «А» классынан 25 окуучу жана 9- «А», 9-«Б», 9-«В» класстарынан 120 окуучу мектепти ийгиликтүү аякташты. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Джамгырчиева Назгуль Советкановна, №20 Муниципалдык территориалдык башкармалыгынын социалдык суроолор боюнча адиси Тайчабаров Сыдыкбек Арапбаевич келип катышышты. […]
27.05.2024 153
22-май күнү №10 жалпы орто билим берүү мектебинин 4-а,б,в класстарында «Башталгыч мектебин бүтүрүү кечеси» болуп өттү. Бул иш-чарага окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер катышышты.
23.05.2024 114
18-май күнү №10 жалпы орто билим берүү мектебинде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке мектеп мугалимдери катышып, мектептин аймагы жана айланасы таштандылардан тазаланды.
21.05.2024 120
16-май күнү №10 жалпы орто билим берүү мектебинде «Кош бол, Алиппе!» аттуу иш-чара болуп өттү. 1-б, 1-в, 1-г класстарынын окуучулары ырдап бийлеп, жомокторду сахналаштыруу менен өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.
21.05.2024 98
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө” №270 жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 12-декабрындагы №1-1569 катын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №10 жалпы орто билим берүү мектебинде 9-11 класстардын арасында пресс-конференция түрүндө иш чара өткөрүлдү. Иш чарага билим берүү Департаментинен Бактыгулова Ч.А. чакырылды. Окуучулар Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү […]
21.05.2024 167
11-май күнү №10 жалпы орто билим берүү мектебинин 2-класстар арасында «Атам, апам, мен — биз спорттук үй-бүлөбүз» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке 2-а, 2-в, 2-г класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте катышышты. 2-а классынан «Бирдиктүү күч» командасы 2-орун 2-в классынан «Ынтымак» командасы 3-орун 2-г классынан «Жеңиш» командасы 1-орунга ээ болушту.  
21.05.2024 81
9-май «Жеңиш күнүнө» карата биздин мектепте окуучулар ата-энелери менен бирдикте жасаган кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөдө бардык класстар катышып, 100дөн ашуун көрсөтмөлөр коюлган. Ошондой эле окуучулар согуштун ардагерлерине жазган каттары да көргөзмөгө коюлуп, эң мыкты жазылган каттарга грамота ыйгарылды. Мектеп окуучуларына экскурсия өткөрүлүп, маалыматтарды алуу менен көптөгөн кызыктуу нерселерди биле алышты.    
08.05.2024 83
29-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинде мектеп президенттерине «Жаштардын өнүгүүсүндө студенттердин жана окуучулардын өзүн-өзү башкаруудагы ролу» деген темада Жаштар форуму өткөрүлдү. №10 жалпы билим берүү мектебинин президенти Карабаева Манзура катышты.  
29.04.2024 94
Свердлов районунда Бишкек шаарынын күнүнө карата челлендж өткөрүлүүдө. Бул челленджге  ар бир мектеп катышып, Бишкектин 146 жылдыгына карата шаар жана анын тургундары үчүн жакшы иштер форматында куттуктоолорун тартып видео форматта Свердлов районунун Билим берүү башкармалыгынын Facebook тиркемесиндеги баракчасына жүктөп жатышат. Биздин мектеп да бул челленджге катышып, видео куттуктоосун жиберди. https://www.facebook.com/share/v/kHs1ZFEGeyuhfTEj/?mibextid=qi2Omg   
29.04.2024 77
23-апрель «Ккитеп күнүндө» №10 жалпы орто билим берүү мектебинде китепканачы жана окуучулар бирдикте кызыктуу иш чараларды өткөрүштү. Даярдоо класстын окуучуларына китепканага экскурсия өткөрүлүп, кызыктуу маалыматтар менен таанышышты.   8-класстын окуучулары менен «Азыркы учурдагы китеп окуу актуалдуубу?» деген темада тегерек стол өтүлдү. Башталгыч класстын окуучулары менен «Мен жактырып окуган китептер» деген темада ачык сабак өтүлдү.     […]
25.04.2024 80
Борбор Азиядагы Кендо боюнча 7-турнири Өзбекстан мамлекетинде 19-21-апрель күндөрү болуп өттү. Кендо боюнча турнирген Израил, Россия (Москва курамасы), Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрү катышышты. КРнын кендочулары төмөнкү орундарды алышты: — 3-орун-Төлөнов Айдар  (Кью Кап 18 жашка чейин); — 1-орун-Асымбеков Айдар (Кью Кап 18 жашка чейин), Белмескин Данила (Кью Кап).   — 1-орун — «Израиль 1»; […]
23.04.2024 76
Свердлов районунда №38 мектеп-гимназиясынын базасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча «Эр жигит-2024» райондук спартакиадасы өттү. Спартакиадага №10, №11, №12, №16, №23, №32, №33, №38, №45, №46, №51, №65, №66, №76, №85, №87 жана №89 мектептери катышып, 6 тапшырма боюнча өздөрүнүн даярдыктарын көрсөтүштү. Биздин №10 жалпы орто билим берүү мектебинен 10-11-класстардын окуучулары спартакиадага катышып 5-орунга ээ болушту.
22.04.2024 82
1 / 612345...»