“Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө” боюнча прессконференция тибиндеги сабак
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө” №270 жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 12-декабрындагы №1-1569 катын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №10 жалпы орто билим берүү мектебинде 9-11 класстардын арасында пресс-конференция түрүндө иш чара өткөрүлдү. Иш чарага билим берүү Департаментинен Бактыгулова Ч.А. чакырылды. Окуучулар Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү эгемендүүлүгүнө жеткизген тарыхый инсандар жана окуялар жөнүндө айтып беришти.
Конференциянын максаты: Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн
тарыхый маани-маңызы тууралуу билимдерин тереңдетүү.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатын түптөгөн чыгаан
кыргыз интелегенциясынын ишмердиктрин таанып билүүгө
үндөө менен окуучулардын патриоттук мекенчил сезимдерин
ойготуу жана тарбиялоо.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн:
1. “Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт” деген ураан алдында класстар арасында конкурс уюштурулду:
Стенгазета
Буклет
Реферат
Дил баян
Слайддар жасалды.
2. Кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандарды эскерүү максатында
“Ата-Бейит” мемориалдык комплекске окуучулар алып барылды.
3. Жогоруда аталган тема боюнча прессконференция тибиндеги сабак өткөрүлдү.
Комментарии