9-май «Жеңиш күнү»
9-май «Жеңиш күнүнө» карата биздин мектепте окуучулар ата-энелери менен бирдикте жасаган кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөдө бардык класстар катышып, 100дөн ашуун көрсөтмөлөр коюлган. Ошондой эле окуучулар согуштун ардагерлерине жазган каттары да көргөзмөгө коюлуп, эң мыкты жазылган каттарга грамота ыйгарылды.
Мектеп окуучуларына экскурсия өткөрүлүп, маалыматтарды алуу менен көптөгөн кызыктуу нерселерди биле алышты.
Комментарии