23-АПРЕЛЬ КИТЕП КҮНҮ
23-апрель «Ккитеп күнүндө» №10 жалпы орто билим берүү мектебинде китепканачы жана окуучулар бирдикте кызыктуу иш чараларды өткөрүштү.
Даярдоо класстын окуучуларына китепканага экскурсия өткөрүлүп, кызыктуу маалыматтар менен таанышышты.
8-класстын окуучулары менен «Азыркы учурдагы китеп окуу актуалдуубу?» деген темада тегерек стол өтүлдү.
Башталгыч класстын окуучулары менен «Мен жактырып окуган китептер» деген темада ачык сабак өтүлдү.
Ошондой эле мектепте «Китеп күнүнө» карата бурч жасалып, бул бурчта кызыктуу китептер топтолду. Бул жерден окуучулар каалаган китебин алып ордунан окуса болот. Китептер ар кандай жанрда топтолгон.Кичинекей бөбөктөр гана эмес мугалимдер да кызыгуу менен алып окуп жатышты.
Комментарии