“Ата-эне болуу чоң жоопкерчилик!” темасында ата-энелер чогулушу 28.11.20223
№10 жалпы орто билим берүү мектебинде 28.11.2023-жылы “Ата” темасында ата-энелер чогулушу өттү. Чогулушка мектеп директору Кулнасарова Ж.Т., тарбия иштер боюнча директордун орун басары Абдиева Б.Ж., мектеп психологу Оморова С. Ы.. мектептин медайымы Кошбаева Т.Б. жана 7-11-класстын ата-энелери катышышты. Чогулушта окуучулардын азыркы учурдагы көйгөйлөрү жана аларды кандай кылып чечүү керектиги боюнча доклад мектеп психологу Оморова С.Ы. жана тарбия иштер боюнча директордун орун басары Абдиева Б.Ж. тарабынан окулду.
Докладда ата-энелерге окуучулардын психологиясы, мүнөзү, суициддин себептери жана аны алдын алуу, электрондук чылым чегүү жана анын зыяны, алкоголизм, таксикомания боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле “Ата-энелер жана тарбиянын 7 багыты” темасында доклад окулуп, ата-энелерге балдарды тарбиялоодо бир канча багыттары тааныштырылды.
Окуучулардын ден – соолугу боюнча мектептин медайымы ата-энелерге бир нече сунуштарды айтты. Азыркы мезгилде ар кандай жугуштуу оорулар күчөп жатканына байланыштуу бул маалымат аябай пайдалуу болду.
Комментарии