Карылар кунуно карата 10 мектептин окуучулары менен ардагерлер уйуно барып,концерттик программа жана ошондой эле балдардан чогулган таттууларды берип келдик.
Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го «ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам», «ата-энеңди көзү барда сыйлай бил» дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.
Комментарии